Бишкектеги Улуттук филармонияда Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына арналган илимий конференция өтүп жатат. Ага мамлекет жетекчилери, маданият ишмерлери катышууда. Анда президенттин аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосун окуп берди. Куттуктоосунда президент Токтогулдун кыргыз маданияты, тарыхы үчүн маанисин белгилеп, акыйкат жана эркиндик үчүн күрөштүн үлгүсү экенин билдирген.
Эл аралык ТҮРКСОЙ уюму быйылкы жылды Токтогул Сатылгановдун жылы деп жарыялаган. Буга байланыштуу өлкө боюнча улуу акындын мааракесине арналган иш-чаралар уюштурулууда. (BkA)