Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Жогорку Нарын каскадына 556 гектар жер бөлүндү


Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн 556 гектар жер тилкеси бөлүндү. Бул тууралуу “Электр станциялар” ишканасынын капиталдык курулуш бөлүмүнүн жетекчи орун басары Ибрагим Алиев билдирди. Анын айтымында, аталган жер тилкесине каскаддагы төрт ГЭС курулмакчы. Бул үчүн өкмөттүн токтому чыгып, укуктук жараяндар бүттү.

Алиев кошумчалагандай, жалпысынан ГЭСтер каскады 1500 гектардан ашык жер аянтын ээлейт. Бөлүнгөн жер тилкелеринде Нарын районунун тургундарына таандык үлүш жерлер бар. Аларга атайын компенсация төлөнөрүн вице-премьер-министр Валерий Диль билдирди.

Орусия менен биргеликте курулганы жаткан ГЭСтер каскадына жер берүү милдеттенмесин кыргыз өкмөтү алган. Ал эми долбоорду каржылоону Орусия ишке ашырат.(BkA/ECh)

XS
SM
MD
LG