Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:30

БУУ: Эбола жана «Ислам мамлекети» тобу - эң чоң коркунуч


Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча комиссары Зейд Раад ал -Хусейн бүгүн маалымат жыйында билдирди. Ал бул эки көрүнүш тең байкоосуздан чыкканын, башында ага дүйнө коомчулугу маани бербегенин айтты. Ал өзү иштеген мекеме эбола вирусу чыккан өлкөлөрдө адам укугун коргоо жаатында принциптерди иштеп баштаганын кошумчалады. Ал эми «Ислам мамлекети» уюмуна кайрылган Зейд аларды "геноцидди пропагандалаган, санарип доорундагы нигилизмдин жаңы формасы" деп атады.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун 14-октябрда билдиргенине караганда, тогуз миңдей адам эбола вирусун жуктурса, алардын 4 миңге жакыны каза болду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG