Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:33

Бишкекте майып балдардын сүрөт көргөзмөсү ачылат


Эмен багындагы Сүрөтчүлөр биримдигинде эки аптага созула турган көргөзмөдө белгилүү кыргыз сүрөтчүлөрүнүн чыгармалары менен катар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын эмгектери да коюлат.

Иш-чараны уюштуруп жаткан БУУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн "Азаттыкка" кабарлашкандай, сүрөттөрдү тарткан балдар өздөрү да көргөзмөгө катышып, белгилүү сүрөтчүлөр менен таанышып, искусство дүйнөсүнүн атмосферасын сезе алышат.

“Бул көргөзмөдө бишкектиктер Кыргызстандагы сүрөтчүлөрдүн бир нече муунунун эмгектери менен таанышып, чыгармачыл балдардын ички дүйнөсү канчалык бай болгонун көрө алышат”, - деп белгилешти уюштуруучулар. (ZMa)

XS
SM
MD
LG