Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:41

Бүгүн Сот реформасы боюнча кеңештин отуруму өтөт


Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өтө турган отурумда кодекс жана мыйзам долбоорлоруна киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жана толуктоолор каралат. Кеңеш иштелип чыккан документтерди талкуулагандан кийин Жогорку Кеңештин кароосуна жиберет.

Өткөн аптада башкы прокурор Аида Салянова Кылмыш-жаза кодексине бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган. Салянова кол тийбестик макамга ээ адамдар жасаган кылмыштын мөөнөтүн алып таштоону, кыйноолор үчүн жазаны күчөтүүнү, сойкулукка мажбурлоо жана адам эмгегин колдонуу тууралуу беренелерде негизги жазадан тышкары айып пулдарды да караштырууну сунуштаган.

Президент Алмазбек Атамбаев сот системасын реформалоону негизги милдет деп атап, атайын кеңеш түзгөн. Ага президент өзү төрагалык кылат. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG