Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:21

Ысык-Көлдө аялдардын саясий жигердүүлүгү талкууланат


“Аялдын турмушу – коомдун күзгүсү” деген аталышта өтчү семинар-конференцияда аялдарды саясий партияларда жана бийлик органдарында чечим кабыл алуу деңгээлине жеткирүү, коомдук-саясий партияларга тартуу маселелери талкууланат.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынып, 2017-жылга чейин аракет планы иштелип чыгат. Кыргызстандагы Аялдардын демократиялык түйүнү уюштурган бул иш-чарага көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Мурдагы президент Роза Отунбаева өкмөттүк түзүмдөргө, айрым стратегиялык маанидеги компанияларды башкарууга айымдар тартылбай жатканына көңүл буруп келет. Ушул тапта Кыргыз парламентиндеги 120 депутаттын 22 пайызын айымдар түзөт.

Дүйнөлүк экономикалык форум гендердик теңчилик боюнча 2013-жылдагы абалды иликтеп, Исландияны алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошкон. Кыргызстан бул рейтингде 63-орунду, коңшу Казакстан 32, Тажикстан 90, Орусия 61-орунду ээлеген. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG