Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:42

Сотторду тандоо кеңешинин курамына төрт талапкер тандалды


Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн отурумунда Сотторду тандоо кеңешинин курамына талапкерлерди тандоо маселеси каралып, жашыруун электрондук добуш берүүдө сегиз талапкердин ичинен Асел Төлөмүшова, Таалайгүл Исакунова, Шамарал Майчиев жана Жамийла Нурумбетова тандалды.

Мыйзам боюнча Сотторду тандоо кеңешине мүчөлөрдүн үчтөн эки бөлүгү жарандык коомдон көрсөтүлөт. Аларды Жогорку Кеңеште парламенттеги көпчүлүк менен азчылык өз алдынча бекитет. Он алты мүчө парламент тарабынан тандалып, калган сегизи Cоттор кеңешинен сунушталат. Жалпысынан Cотторду тандоо кеңешинин курамы 24 адамдан турат. (ZMa)

XS
SM
MD
LG