Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Жогорку Кеңеште майыптардын абалына арналган доклад талкууланат


Акыйкатчы Бакыт Аманбаевдин “Кыргыз Республикасында мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын абалы тууралуу” атайын докладын талкуулоо боюнча тегерек столго депутаттар, Дүлөйлөр жана сокурлар коомунун, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышат.

Уюштуруучулар Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дагы эле аялуу топко кирерин, мурдагыдай эле коомдук транспортту колдонууда, маданий, соода мекемелерине барууда кыйналарын белгилешет. Акыйкатчы институту бул багыттагы мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилиши керек деп эсептейт.

Расмий маалыматка ылайык, өлкө аймагында 156 миң майып жаран бар. Алардын 26 миңин 18 жашка чейинкилер түзөт.

Социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, 2013-жылы 100 гана майып адам жумуш менен камсыздалган. Ишкана жана окуу жайлардын 80 пайызына атайын пандустар коюлган. Бирок алар имараттарга кирүү үчүн орнотулган, ал эми экинчи жана жогорку кабаттарга көтөрүлгөнгө андай шарт жок. (ZMa)

XS
SM
MD
LG