Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:48

Экономика министри Бүткүл дүйнөлүк инвестициялык форумга катышууда


Министр Темир Сариев Швейцариянын Женева шаарында өтүп жаткан форумда “Деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок өнүгүп келаткан мамлекеттерди инвестициялоо” деген темада баяндама жасады.

Өз баяндамасында министр кыргыз өкмөтүнүн инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн көрүп жаткан аракеттери, инвесторлорду тартуу үчүн бул багытта жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.

Темир Сариевдин “Азаттыкка” кабарлашынча, ал БУУнун соода жана өнүнүү боюнча комиссиясынын башкы катчысы Мухиса Китуйи менен жолугушту.

Женевада өтүп жаткан форум эл аралык инвестициялык жамаат үчүн маанилүү окуялардын бири. Анткени ал өзүнө дүйнөлүк лидерлердин саммитин, инвестицияларга көмөктөшүү боюнча конференцияларды өткөрүүнү, деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгү жок мамлекеттердеги инвестициялык абалды камтыйт. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG