Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:26

Улуттук университеттин ректорлугуна 15 талапкер ат салышат


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорлугуна 15 талапкер ат салышат. Бул тууралуу аталган окуу жайдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин каттоодон өткөн эки талапкер өз каалоосу менен шайлоого катышуудан баш тартты. Ат салышчу талапкер арасында Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары Зайнидин Курманов, Алтай Бөрүбаев, мурунку билим берүү министри Мустафа Кидибаев, Нарын облусунун мурдагы губернатору Алмазбек Акматалиев, КУУнун проректорлору Таалайбек Каракеев, Роза Сарымзакова, Улуттук университеттин окутуучулары: Кыргыз тарыхчылар коомунун жетекчиси, профессор Тынчтыкбек Чоротегин, Айнура Арзыматова, Жанат Жаманкулов, Жаныбек Бокоев, Чынара Адамкулова, Нурзак Асанбеков, Таалайбек Иманалиев, Болот Токтобаев, Бишкек финансы экономикалык академиясынын жетекчиси Төлөнбек Абдыров бар. Бул талапкерлер үчүн окуу жайдын жамааты добуш бермекчи. Алар үгүт иштерин бейшемби күнү кечке жүргүздү.

Улуттук университеттин мурдагы ректору Искендер Исамидинов өз каалоосу менен кызматтан кеткен.(BkA)

XS
SM
MD
LG