Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:54

Атамбаев тарифтер боюнча сот чечимин жактады


Президент Алмазбек Атамбаев электр энергиясы боюнча соттун чечими жакканын билдирди. Бул тууралуу өлкө башчысы сот реформасы боюнча өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, сот реформасы токтоп калды деген сөздөр негизсиз. Буга мисал катары Бишкектин райондор аралык сотунун электр энергиясына тарифтер боюнча чечимин атады.

- Жакында эле сот электр энергиясы боюнча өкмөттүн токтомун жокко чыгарды. Бул соттордун бийлик басымы кылбайт деп ишенине баштаганы, - деди Атамбаев.

29-сентябрда Бишкектин райондор аралык соту өкмөттүн электр энергиясына жана жылуулукка болгон бааларды көтөрүү боюнча токтомун жокко чыгарган. Өкмөттүн тариф саясаты боюнча жаңы токтомуна ылайык, электр энергиясын үч фазада колдонгондорго 1-сентябрдан тарта баа 70 тыйындан 1 сом 20 тыйынга көтөрүлгөн болчу. Мындан соң өкмөт бул токтомду жокко чыгарып, жаңы тарифтик саясат боюнча сунушту коомдук талкууга алып чыкты.(BkA)

XS
SM
MD
LG