Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Оторбаев: Казакстандан 1 миллиард кВт.саат электр энергия алынат


Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, мынча көлөмдөгү электр энергиясын сатып алуу боюнча алдын ала макулдашылды. Баасы алты цент же үч сомдун тегерегинде болот. Буга ташып келүүдөгү баа кошулат.

Оторбаев өкмөт кышкысын энергетикалык кризиске жол бербөө үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын билдирген.

Ушул аптада Астанада кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өткөн.

Буга чейин өкмөт кыштан чыгуу үчүн 2,4 миллиард кВт.саат электр энергиясы зарыл экенин билдирген.(BkA)

XS
SM
MD
LG