Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:13

Патрушев Рахмон менен тажик-ооган чек ара коопсуздугун сүйлөштү


Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев Душанбеде Тажикстандын президенти Эмамоли Рахмон менен жолугушуп, тажик-ооган чек ара коопсуздугун талкуулады. Эки тарап Ооганстан менен чек араны бекемдөө тууралуу сүйлөшкөнүн Коопсуздук кеңешинин маалымат катчысы Игорь Швыткин билдирди. Мындан сырткары эки өлкөнүн аскерий кызматташуусу тууралуу сөз болду. Патрушев бул өлкөдөгү Орусиянын аскерий базасына барды.

Ооганстан апийим жана героин өндүрүү боюнча дүйнөдө алдыңкы орунда турат. Эксперттер бул жактан мыйзамсыз ташылган маңзат, көбүнесе Тажикстан, Кыргызстан аркылуу Орусияга сатыларын белгилеп жүрүшөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG