Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

"Ислам мамлекети" тобунун согушчандары ээлеп алган учактарда машыгууда


«Ислам мамлекети» радикал тобу өз учкучтарын мурда ээлеп алган учактарда машыктырууда. Бул тууралуу Сириядагы адам укуктарына байкоо салган мониторинг тобунун башчысы Рами Абдел Рахман бүгүн билдирди. Мониторинг тобу күбөлөрдүн айтканына таянып, бул учактар Сириянын чыгышындагы Алепподогу авиабазадан алынганын айтты. Бирок анда курал болгонбу, болгон эмеспи азырынча белгилсиз. “Ислам мамлекети” тобунун мүчөлөрү бир нече жолу аэропорттон учуп, кайра келишкенин күбөлөр көрүшкөн”, - деди Рахман. Анын белгилешинче, ал учактарды мурдагы президент Саддам Хусейндин тушунда кызмат өтөгөн аскерлер, офицерлер башкарууда.

АКШ баштаган коалициялык күчтөр “Ислам мамлекети” тобунун Кобанидеги турумдарына абадан сокку уруусун улантууда. Аба соккулардан улам согушкерлер Кобанидеги турумунан кайтып жатканы 16-октябрда кабарланган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG