Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:50

Пакистан: дин адамдары “Ислам мамлекети” тобун айыптады


Пакистандагы дин кызматкерлери Ирак жана Сириянын айрым аймактарын көзөмөлдөп турган “Ислам мамлекети” радикал тобун айыптады. Уламалар кеңешинин буга байланыштуу бүгүн тараткан билдирүүсүндө согушкерлер ислам шарияттарын бузуп жатканы айтылат. Ошондой эле “ислам жана мусулмандар бейкүнөө адамдарды өлтүрүүнү колдобойт” деп жазылган. Дин кызматкерлери бардык момун мусулмандарды, өзгөчө жаштарды күч колдонгон, шариятка туура келбеген иштерди жасаган топтордон алыс болууга чакырды.

Июнь айынан бери Пакистан армиясы Түндүк Вазиристан провинциясында согушкерлерге каршы абадан да, жерден да чабуул жасап келет. Жалпысынан миңдей согушкер жок кылынып, жүзгө жакын аскер каза тапты. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG