Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Тарифтин кымбатташына каршы үч киши ачкачылык жарыялады


Бул тууралуу ачкачылык жарыялагандардын бири укук коргоочу Качкын Булатов “Азаттыкка” билдирди. Алар электр энергиясына тарифти кымбаттатууну токтотуу, үч фазаны кыйбай ордуна коюу жана Ширшовдун схемасы менен уурдаганды токтотууну талап кылышууда. Төртүнчү талап катары мурдагы министрлер Осмонбек Артыкбаев, Аскарбек Шадиевдин камалышын атап жатышат.

15-октябрда өлкөдө күйүүчү майга жана электр энергиясына баанын көтөрүлүшүнө каршы Бишкекте боз үй тигип, ачкачылык кармамакчы болгон “Жаңы муун” кыймылынын акциясы үзгүлтүккө учураган. Курамы жаш активисттерден турган “Жаңы муун” кыймылына милиция буга чейин да бир нече жолу акция өткөрүүгө мүмкүндүк берген эмес. (КЕ)

XS
SM
MD
LG