Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:34

Улуттук университеттин ректорун шайлоо өтүп жатат


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорлугуна 15 талапкер ат салышууда. Ат салышчу талапкер арасында Кыргыз-Орус сляван университетинин эл аралык мамилелер кафедрасынын башчысы Зайнидин Курманов, Улуттук Илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев, Улуттук Илимдер академиясынын физика-техникалык институтунун лаборатория башчысы Мустафа Кидибаев, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректорунун кеңешчиси Алмаз Акматалиев, КУУнун проректорлору: Таалайбек Каракеев, Роза Сарымзакова, Улуттук университеттин окутуучулары Тынчтыкбек Чоротегин, Айнура Арзыматова, Жанат Жаманкулов, Жаныбек Бокоев, Чынара Адамкулова, Нурзак Асанбеков, Таалайбек Иманалиев, Болот Токтобаев, Бишкек финансы экономикалык академиясынын жетекчиси Төлөнбек Абдыров бар. Бул талапкерлер үчүн окуу жайдын жамааты добуш бермекчи. Учурда добуш берүүгө даярдыктар жүрүп жатат.

Университеттин мурдагы ректору Искендер Исамидинов өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

КУУ- өлкөдөгү эң алгач түзүлгөн жана алдыңкы университеттердин бири. Анда 30 миңге жакын студент билим алат. (BkA)

XS
SM
MD
LG