Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:51

Нигерия өкмөтү “Боко Харам” менен макулдашуу түздү


Нигерия өкмөтү “Боко Харам” террорчул тобу менен ок атышууну токтотуу боюнча макулдашты. Бул тууралуу өлкөдөгү мамлекеттик маалымат каражаттары Нигериянын Коргоо мекемесинин жетекчилерине шилтеме берип жазып чыкты. Макулдашууга ылайык, өкмөттүк күчтөр “Боко Харамдын” согушкерлерине каршы ок атууну токтотуусу зарыл. Ал эми террорчул топ болсо, алты ай мурун уурдап кеткен 200гө жакын мектеп окуучусун бошотууга милдеттүү.

Май айында “Боко Харамдын” согушкерлери Нигериянын Чибок шаарында 276 кызды мектептен уурдап кеткен. Алардын 53ү качып чыккан болчу. Мындан соң уюмду БУУнун Коопсуздук кеңеши Нигерия өкмөтүнүн суранычы менен "кара тизмеге" киргизген.

XS
SM
MD
LG