Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:02

Оторбаев: Кумтөрдүн акциясын камакка алуу боюнча доо арыз беребиз


Кыргыз өкмөтү Канада сотунун Кумтөр долбоорундагы 60 пайыздык акциянын камакка алынышы боюнча доо арыз берет. Бул тууралуу премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди. Анын айтымында, учурда Кумтөрдөгү Кыргызстандын акцияларына байланыштуу жаралган жагдайды өкмөттүн юристтери тактап жатышат. Анын жыйынтыгы менен Канада сотунун чечимине карата өкмөт доо арыз даярдамакчы:

- Биздин пикирибизде, бул чечим мыйзамсыз. Ошондуктан, укуктук практиканы эске алуу менен биздин юристтер чечимге карата доо арыз жолдойт, - деди Оторбаев.

Ошондой эле өкмөт башчы бул чечим Кумтөр боюнча “Центерра Голд” менен сүйлөшүүгө таасирин тийгизбейт деген ишенимин билдирди.

14-октябрда Канададагы Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алуу чечимин кабыл алганы кабарланган. Анда аталган сот канадалык Stans Energу компаниясынын арызынын негизинде чечим кабыл алган. Буга чейин Москвадагы Соода-өндүрүш палатасынын алдындагы Арбитраж Кеминдеги Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери боюнча Stans Energу компаниясынын арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар доого жыккан.(BkA/TSh)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG