Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:40

Гонконг: полиция менен кагылышуу уланууда


Гонконгдо дагы бир ирет Монгкок районун басып алууга аракет жасашкан демонстранттарды полиция күч менен сүрүп чыгарды. Нааразылыкка чыккан тогуз миңдей адам шаардагы борбордук районду көздөй багыт алган. Күч органдарынын маалымдашынча, акциянын катышуучулары менен тартип коргоочулардын кагылышынан 15 полиция кызматкери жабыркап, 26 демонстрант кармалган.

Гонконг администрация башчысы Лян Чжэньин бир аз мурда нааразылыкка чыкандардын лидерлери менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирсе да, так күнүн белгилеген эмес.

Басымдуу бөлүгүн студенттер түзгөн демонстранттар сентябрдын этегинен бери саясий реформаларды талап кылып, массалык митингдерди өткөрүп жатышат.

Алар Кытай өкмөтүн 2017-жылы болчу жергиликтүү шайлоодо бийликке өз кишилерин алып келүүгө аракет жасоодо деп айыптап, аймакта демократиялык шайлоо өтүшүн талап кылууда.

XS
SM
MD
LG