Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:05

БУУ: Украина чыгышындагы уруштан үч миңден ашык адам өлдү


Бириккен улуттар уюму 17-октябрда чыгарган докладында Украинанын чыгышындагы өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл козголоңчулардын ортосундагы жаңжалдан 3707 адам набыт кеткенин маалымдады. Алардын 25и өткөн аптада көз жумган. Жалпысынан акыркы алты ай ичинде 10 миңге жакын адам жарадар болгон.

Докладда Украинадан үй-жайын таштап, качып кетүүгө мажбур болгондордун саны 800 миңден ашканы, алардын көбү Орусияга кире качканы, башкалары өлкөнүн борборунда же батыш аймактарында баш калкалоого аргасыз болгону айтылат.

Украинанын чыгышындагы жаңжал апрелдин ортосунда орусиячыл козголоңчулар Луганск жана Донецк административдик имараттарын басып алгандан соң башталган.

Орусия жана Украина өкүлдөрү сентябрдын башында Минскиде жолугуп, эки тараптуу ок атышууну токтотуу макулдашуусуна кол койгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG