Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:14

КУУнун ректору үчүн добуш берүүнүн жыйынтыгы чыкты


Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ректорун шайлоонун жыйынтыгы чыкты. Окуу жайдын эмгек жамаатынын добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Улутук илимдер академиясынын вице-президенти Алтай Бөрүбаев, КУУнун Кыргыз - Кытай институтунун директору Болот Токтобаев жана КУУнун Кыргыз-Европа факультетинин деканы Чынара Адамкулова көп добуш алды. Эми бул талапкерлер өкмөткө сунушталат. Алардын арасынан өкмөт башчы бирин тандап, ректорлукка дайындайт. Ректорлук үчүн 15 талапкер ат салышкан.

Университеттин мурдагы ректору Искендер Исамидинов жайында өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

КУУ- өлкөдөгү эң алгач түзүлгөн жана ири университеттердин бири. Анда 30 миңге жакын студент билим алат.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG