Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:06

Таласта “Газпромдун” май куючу жайлары иштебей жатат


Талас шаарында “Газпромнефтьазия” ЖЧКсынын май куюучу жайларынын бирөө гана иштеп, унаа ээлери үчүн ыңгайсыздык жаратууда. Шаардагы калган экөө иштебей турат.

Мунун себебин “Азаттыкка” “Газпромдун” Таластагы өкүлү Чыңгыз Нуржанов электр жарыгынын жоктугу жана резервуарларда тазалоо иштери жүрүп жатканы менен түшүндүрдү. Ал тазалоо иштери бүгүн бүтөрүн жана энергия берилсе эле иштей баштаарын кошумчалады.

Учурда май куюучу жайдын тегерегинде узун кезек пайда болуп, унаа ээлери жарым сааттан бир саатка чейин кезек күтүшүүдө.

Май куюучу жай Тараз-Талас-Суусамыр жолунда жайгашкандыктан кезек күткөндөр ары бери өткөн унааларга тоскоолдук жаратууда. Башка жайларда иш үзгүлтүккө учураган жок. Талас облусунда жеке ишкерлердин жана “Газпром” ишканасыныкын кошкондо май куюучу жайлардын саны 20дай. Бирок анын 10у гана иштейт. (МТо)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG