Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:50

Гонконгдогу нааразылар полиция менен кайрадан кагылышты


Бүгүн эртең менен Гонконгдогу нааразычылык акциялары кайрадан башталып, демонстранттар менен полиция дагы кагылышты. Нааразычылык акциясына чыккандар бир нече жумадан бери демократиялуу шайлоо эрежелеринин сакталышын талап кылып келатышат. Полиция дубинка жана жаш агызуучу газды колдонууда.

Каршылык көрсөткөндөрдүн бир нечеси, негизинен студенттер жаракат алып, аларга медициналык жардам көрсөтүлдү.

Бир нече саат мурда Пекиндин буйругун аткарган жергиликтүү администрация башчысы Лян Чженьин 21-октябрда студенттер менен жолугушуу өткөрүүнү сунуштаган. Бирок бул нааразы тарапты токтото алган жок.

Демонстранттар аларды Гонконг администрациясына талапкерлерди тандоо укугунан ажыратпоо талабын коюшууда. Ал эми Кытай өкмөтү жогорку административдик кызматка талапкер сунуштоо укугун башкаларга бергиси келбейт. Гонконг жетекчисин шайлоо 2017-жылы өткөрүү белгиленген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG