Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:31

Бишкекте биометрикалык маалымат чогултуу жапырт башталат


20-октябрдан тарта Бишкекте элден биометрикалык маалымат чогултуу жапырт башталат. Анын алкагында жарандардан он манжасынын тагы, сүрөтү жана электрондук кол тамгасы талап кылынат. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматынан билдиришти.

Жарандар биометрикалык маалыматтарын Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин, Кадастр жана кыймылсыз мүлктү каттоо департаментинин бөлүмдөрүнө, калкты каттоо түйүндөрүнө, орто мектептерге, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транпорт жана архитектура университетине, Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетине, Агрардык окуу жайына, Экономика университетине, Туризм академиясына жана Чүй университетине тапшырса болот.

Жарандар жанына ID картасын же жалпы жарандык паспортун, 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун ала келүүсү шарт.

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши 28-августта башталып, премьер-министр баштаган бир топ аткаминерлер үлгү катары өз маалыматтарын беришкен. (МТо)

XS
SM
MD
LG