Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:19

Жыл соңуна чейин евразиялык жаш саясатчылар төрт шаарда жолугушат


Үстүбүздөгү жылдын этегине чейин саясат таанучулар Бишкекте, Дүйшөмбүдө, Минскиде жана Москвада жолугушат. Бүгүн болсо Бишкекте евразиялык жаш саясат таануучулар клубунун экинчи отуруму башталат.

Бишкектеги клубдун отурумуна Кыргызстан, Орусия, Казакстан, Армения, Беларус, Өзбекстан жана Тажикстандан 30 саясат таанучу, тарыхчы, журналист жана социолог катышат.

Долбоор Евразиялык экономикалык биримдиктин жана КМШ мамлекеттеринин эксперттик жамааттарынын өкүлдөрү ортосунда кесипкөй коммуникацияларды өнүктүрүү үчүн аянтча түзүп берүү максатын көздөйт. Биринчи отурум Астана шаарында өткөн. (ZMa)

XS
SM
MD
LG