Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:54

Жарандардан биометрикалык маалыматтар чогултула баштайт


Мамлекеттик каттоо кызматынын кабарлашынча, маалыматтар азырынча Бишкекте гана чогултулат. Буга чейин бул багытта иш алып бара турган 65 кызматкер окуудан өткөн жана маалыматтарды жыйноо боюнча пункттардын даректери мэрия менен макулдашылды.

Жарандардын биометрикалык маалыматтарын топтоо 2015-жылдын 1-августуна чейин аягына чыгышы керек. Өлкө боюнча болжол менен 3 миллион 641 миң адамдан өздүк маалыматтар алынат. Бүгүнкү күндө 1 974 киши маалыматтарын тапшырып бүттү. Маалымат топтоо 27-августта бийлик адамдарынан башталган.

Стационардык жана мобилдик борборлорго 16 жаштан өткөн жарандар жанында паспорту менен келиши керек. Алар бармак изи, карегинин санариптик көчүрмөсүн жана кол тамгасын тапшырышат. Биомаалымат тапшыруу милдеттүү түрдө, ал эми биометрикалык паспорт берүү ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөт. Бул система шайлоодо “бир жаран - бир добуш” системасын камсыз кылуу максатында киргизилүүдө. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG