Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Москвада кыргыз мигранттарына диний окуулар уюштурулууда


Кыргыз муфтиятынын Москвадагы өкүлчүлүгү ал жакта иштеп жаткан кыргызстандыктарга салттуу Ислам дини боюнча апталык окууларды уюштурууда. Максаты радикал топторго азгырылуунун алдын алуу экенин өкүлчүлүктүн кызматкери Бактыбек Карашов “Азаттыкка” билдирди. Учурда аптасына эки жолу, жумуштан кийин он бештей кыз-келин жана 50 чамалуу жигит өкүлчүлүккө топтолуп, сабак алып жатышат.

Буга чейин күч органдары Сириядагы согушка кетип жаткан кыргызстандыктардын 70 пайызы Орусияда мигрант болуп жүрүп, экстремисттик топтордун тузагына илинип жатканын билдирген.

Сабак өтүү үчүн уруксат кагазы берилген. Учурда Москва шаардык муфтияты менен Борбор Азия мамлекеттиринен бир гана Кыргызстан кызматташат. Москва муфтиятынын билдиришкендей, Өзбекстан мындай кызматташуудан баш тарткан. Тажикстан менен сүйлөшүүлөр уланып жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG