Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Кобани: АКШ күрт аскерлерине курал-жарак жеткирди


Сириянын Кобани шаарын согушкерлерден коргоп жаткан күрт аскерлерине АКШдан ири өлчөмдө курал-жарак тийди. Американын Башкы командачылыгынын билдиргенине караганда, курал-жарак жана дары-дармек учактар менен абадан ыргытылды. Жекшембиге караган түнү жардамды Түркия тараптан жеткирүүгө тоскоолдук кылууга аракеттенген экстремисттерге каршы 11 авиачабуул жасалды.

Сириялык укук коргоочулардын билдиргенине караганда, соңку эки суткада Сириянын Түркия менен чектеш Кобани шаарында өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган согушкерлер тобунун 70 мүчөсү жок кылынды. (RK)

XS
SM
MD
LG