Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:55

Лавров: Орусия Батыш менен соодалашпайт


Орус бийлиги Батыш киргизген санкцияларды кайра алдыруу үчүн соодалашууга барбайт. Бул тууралуу жекшемби күнү НТВ телеканалына курган маегинде орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

- Бизге "Эгер украин кризисин жөнгө салууга жардам берсеңер, санкцияларды алдырабыз" деп жатышат. Бирок биз эч кандай шарт коюуларга макул болбойбуз, - деди Лавров.

Ал Батышты Орусияга басым көрсөтүү үчүн украин маселесин пайдаланып жатат деп айыптады.

Батыш жана АКШ Крымдын Орусияга өтүшүн аннексия деп атап, Украинадагы согуш үчүн орус бийлигин айыптап келет. Бул үчүн Орусияга бир катар экономикалык жана саясый санкциялар киргизилген болчу. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG