Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:37

Дайынсыз жоголгон чабандарды издөө үчүн 100 миң сом бөлүндү


Калың кардын кесепетинен Жалал-Абаддын Сузак районунда дайынсыз жоголгон эки чабанды издөө иштерин жандантуу үчүн президенттик фонддон 100 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сузактын Түрк-Абад айылынын тургундары Мурзали Сариев жана Орипжан Маматалиев октбярдын башында кыштоого мал айдап кеткен боюнча дайынсыз жоголгон. Андан бери Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана алардын жакындары издөө иштерин улантышууда.

Эске салсак, Сузактын Беш-Мойнок жана Түрк-Абад айылдарынын тургундары 2 миң баш кою менен Нарындын Ак-Талаа районунун Көк-Суу жайлоосунда 7-октябрда калың жааган карга камалып, ашууда калышкан. Чабандардын бири, 52 жаштагы Толкунбай Абдыров суукка тоңуп каза болгон. Анын үй-бүлөсүнө да президенттик аппараттан 50 миң сом жардам көрсөтүлдү. (SE)

XS
SM
MD
LG