Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:11

Атамбаев “Кумтөрдөгү” акциялардын камакка алынышы боюнча билдирүү жасады


Президент Алмазбек Атамбаев “Кумтөр” долбоорунда мамлекеттик кызыкчылыктарды коргоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүү зарылдыгын эскертти. Мамлекет башчы бүгүн, 20-октябрда “Кыргызалтын” ишканасынын акцияларын камакка алуу боюнча Канаданын Онтарио сотунун маалыматына байланыштуу билдирүү жасады. Анда Канаданын сотторунда “Кыргызалтынга” таандык акцияларды камакка алуу менен Кыргызстанды кысмакка алган чечимдерге барган прецедент түзүлгөнү белгиленген.

14-октябрда Канададагы Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган. Анда аталган сот чечимди канадалык Stans Energу компаниясынын арызынын негизинде чыгарган. Буга чейин Москвадагы Соода-өндүрүш палатасынын алдындагы Арбитраж Кеминдеги Куттуу-Сай жана Кале-Сай кендери боюнча Stans Energу компаниясынын арызын канааттандырып, кыргыз өкмөтүн 118 миллион доллар доого жыккан.

“Кумтөрдүн” айланасындагы талаштуу жагдайга мурунку бийликтерди күнөөлөгөн өлкө башчысы, кенди иштетүү боюнча маселени кайра карап чыгууда улуттук кызыкчылыктарды унутпоо зарылдыгын эскертти.

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG