Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:43

Ажылык сапарда эки кыргызстандык каза болду


Быйылкы ажылык сапары учурунда кыргызстандык зыяратчылардын экөө каза болду. Бири Жалал-Абаддын Ноокен районунан барган 66 жаштагы аксакал, экинчиси Оштун Кара-Суу районунан кеткен 78 жаштагы улгайган эне. Экөөнүн тең сөөгү Сауд Арабияга коюлду. Бул тууралуу “Азаттыкка” муфтияттан кабарлашты.

Быйыл Кыргызстандан ажылыкка 3685 адам барган. Алардын көпчүлүгү кайра келди. Акыркы топ 24-октябрь күнү кайтат. (SE)

XS
SM
MD
LG