Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Түркия күрт аскерлерине Сирияга өтүүгө уруксат берди


Түркия өкмөтү Ирактагы күрт аскерлерине өз аймагы аркылуу Сириянын Кобани шаарына өтүүгө уруксат берди. Бул тууралуу бүгүн Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу билдирди:

- Биз пешмерга күчтөрүнүн Кобани жакка өтүүсүн тездетүүдөбүз. Бул боюнча сүйлөшүүлөр дагы эле жүрүп жатат, - деди Чавушоглу.

Түрк тышкы иштер министри ошондой эле Сириянын Кобани шаарындагы абалды жөнгө салуу, аймактагы коопсуздук боюнча эл аралык коалиция менен кызматташуу жүрүп жатканын айтты.

Түркия өкмөтү жергиликтүү күрттөрдүн нааразылыгына карабай Сирия менен чектеш Кобани шаарын өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган согушкер топтон коргоо үчүн кандайдыр бир чара көрүүдөн карманып турган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG