Бул тууралуу “Азаттыкка” Футбол ассоциациясынын басма сөз катчысы Мирлан Айталы билдирди. Анын айтымында, бүгүн федерация маалымат жыйынын өткөрүп, улуттук курама команданын жаңы машыктыруучусу менен тааныштырат.
Мирлан Айталы жаңы машыктыруучунун аты-жөнү, кайсы өлкөнүн жараны экени жана канча жылга келишим түзүлгөнү бүгүн өтчү маалымат жыйынында белгилүү болорун кошумчалады.
- Бизде 5-6 талапкер бар болчу. Ошолордун ичинен ушул машыктыруучуну тандап алдык. Биздин кыргыз футболунун өнүгүүсүнө чоң салым кошот деп ишенебиз.
Жаңы машыктыруучунун маянасын Футбол федерациясы төлөйт. (ZMa)