Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:04

Аялдардын радикалдашуусу тегерек столдо талкууланат


“Заманбап коомдогу мусулман аял: жаңы чакырыктар жана коркунучтар” деп аталган бүгүн өтчү талкуунун күн тартибинде аялдардын радикалдашуусу жана бул процессти болтурбоонун жолдорун издөө маселелери турат.

“Дин, укук жана саясат” аналитикалык борбор уюштуруп жаткан талкуу билим деңгээлин жана диний сабаттуулукту жогорулатуу аркылуу Кыргызстандагы диний кырдаалдын туруктуулугун камсыздоо максатын көздөйт.

Иш-чарага бул чөйрөдөгү эксперттер, аялдардын бейөкмөт уюмдары жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.

ИИМдин маалыматына ылайык, Сирияга кетип жаткан кыргызстандыктардын саны 100дөн ашты жана онго жакынын аялдар түзөт. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG