Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:07

Нефтетрейдерлер бирикмеси президентке кайрылуу жолдоду


Бирикме Кыргызстан менен Казакстандын өлкө башчыларынан чек арада кармалып турган 470 вагон күйүүчү майдын тагдырын чечип берүүнү өтүндү.

Аталган бирикменин жетекчиси Медетбек Керимкуловдун “Азаттыкка” маалымдашынча, бажы органдары вагондорду жүйөсүз кармап турат. Буга чейин эки өлкөнүн өкмөттөрүнө бир нече жолу кайрылганы менен, натыйжа чыга элек.

Керимкулов ноябрда күйүүчү майдын баасы канча болору азырынча белгисиз экенин, айдын этегинде Орусиядан келген баага жараша болорун кошумчалады.

Орусиядан Казакстан аркылуу Кыргызстанга ташылып келаткан 470 вагон күйүүчү май “Луговое” темир жол станциясында 18-апрелден бери кармалып турат. Казакстандын бажысы 30 миң тоннага жакын күйүүчү майдын документи толук эмес деген жүйө келтирүүдө. (ZMa)

XS
SM
MD
LG