Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:43

Бюджеттин акчасын уурдагандарга жазаны күчөтүү сунушталды


Бүгүн Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин отурумунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган коммерциялык уюмдун кызматкерлерине жазаны күчөтүү жөнүндө мыйзам долбоору каралат.

Долбоордун демилгечиси, “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев ири өлчөмдө акча уурдагандар айып пул төлөп, жазадан кутулуп жатканын, Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренесине өзгөртүүлөр киргизилсе, алар эркинен ажыратыла турганын айтты. Фракция лидери бул беренеде каралган жаза бүгүнкү күндүн талаптарына жооп бербейт деп, бир нече мисалдарды келтирди.

- Мамлекеттик ишканаларда миллиарддарды уурдагандар эркиндикте жүрөт, ал эми карапайым адамдар 10 жылга кесилүүдө. Пирматовго 1 жарым млрд. сом зыян келтирген деп ушул берене менен иш козголгон, айып пул төлөп, кутулуп кетти. “Электрстанциялардын” бөлүм башчысы 10 миң доллар пара алып, Казакстанга 15 млн. кВт сатып жиберген экен. Ага 300 миң сом айып салып, бошотуп жиберди, 4 миң доллар чөнтөгүндө кала берди. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG