Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:59

Матвиенко Кыргызстандагы орус тилинин абалына көңүл бурду


Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Матвиенко орус тилине кысым жасалбаганын, бирок тилди өнүктүрүүгө кыргыз бийликтерин шарт түзүүгө чакырды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков менен жолугушууда Матвиенко кыргыз мигранттары кирген “кара тизмеге” да токтолуп, майда административдик тартип бузуу үчүн узак мөөнөткө өлкөгө кирүүгө тыюу салуу туура эместигин айтты. Буга чейин Орусиянын федералдык миграция кызматы кыргызстандык 1036 жаранды “кара тизмеден” чыгарган. Бирок бул тизмеде дале 60 миңдей кыргызстандык бар.

Бүгүн Орусиянын Мамлекеттик Думасынын Жогорку палатасынын төрайымы Валентина Матвиенко президент Алмазбек Атамбаев жана өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен жолугушат.

Матвиенко Кыргызстанга Жогорку Кеңештин чакыруусу менен кечээ келген. (ZMa)

XS
SM
MD
LG