Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Иранда аялдардын бетине кычкылдык чачты делгендер кармалды


Иранда бир нече аялга кол салууга тиешеси бар деген шек менен төрт киши камакка алынды, дагы бир канчасына издөө салынды. Бул кол салуулар коомдо кеңири нааразычылыкка себеп болгон.

Полиция ушул өңдүү төрт окуя болгонун айтса, социалдык тармактын колдонуучулары машине айдаган жана чачын жайып жүргөн 13 аял бутага алынганын ырасташууда.

Диний лидерлердин бири Мухаммед Таги Рахбар кол салууларды айыптап, кандай гана себеп болбосун мындай аракеттерге дин жол бербей турганын айтты.

Мыйзам боюнча, ирандык аялдар чачын көрсөтпөй, кенен көйнөк кийип жүрүш керек. (ZMa)

XS
SM
MD
LG