Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:21

Москва муфтийи: кыргызстандыктардын диний сабаты төмөн


Илдар Аляутдинов, Москва шаарынын муфтийи.

Илдар Аляутдинов, Москва шаарынын муфтийи.

Москва шаарынын муфтийи Илдар Аляутдинов Борбор Азиядан Орусияга барып, иштеп жаткандарды диний чала сабаттуулукта айыптады. Бул жаатта Кыргызстан жарандары алдыңкы сапта экенин кошумчалаган муфтий, бул абал мигранттардын радикал топторго кошулуп кетүүсүнө жол ачып жатканын “Азаттыкка” курган маегинде билдирди:

- Мигранттардын коопсуздук чаралары көрүлгөн эмес. Алар жумушта бир катар көйгөйлөргө тушугат. Каражат жагынан кыйналышат. Аларды радикал топторго тартып жаткандар турак-жай, акча, тамак-аш менен камсыздайт. Ушундай жол менен экстремисттерге аралашып калгандар Сирияга же Иракка кетет. Экинчиден, мусулман мигранттардын чаласабаттуулугу да андай топторго кошулуп калууга жол ачууда. Бул көйгөй баарына таандык, биринчи кезекте кыргызстандыктарга. Өзбектерде да, тажиктерде да ушул маселе бар. Өзбек жана тажик бийликтери өз жарандарына салттуу динин терең түшүнүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатат. Натыйжада бул боштукту башкалар толтурууда.

Учурда Москва муфтияты менен Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кызматташып, мигранттарга салттуу Ислам дини менен башка диний агымдар ортосундагы айырма боюнча сабактар уюштурулуп жатат.

Буга чейин күч органдары Сириядагы согушка кетип жаткан кыргызстандыктардын 70 пайызы Орусияда мигрант болуп жүрүп, экстремисттик топтордун тузагына илинип жатканын билдирген. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG