Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Орусия Кыргызстанга жардам катары 30 миллион доллар берет


Кыргызстандын каржылык абалын жандантууга Орусия 30 миллион доллар берет. Бул тууралуу Орусиянын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев менен бүгүн, 21-октябрда жолугушкан учурда айтты. Каражат кандай ыкмада качан берилери сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө аныкталат.

Матвиенко жумушчу сапар менен Кыргызстанга дүйшөмбүдө келген. Алгач Жогорку Кеңеш спикери Асылбек Жээнбеков менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулаган. Сүйлөшүү учурунда Орусия өкүлү Кыргызстанда орус тилин өнүктүрүүгө шарт түзүү маселесин көтөргөн.

Матвиенко бүгүн президент Алмазбек Атамбаев менен да жолугат. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG