Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:01

Ачкачылык кармагандардын катарына дагы төрт киши кошулду


Бишкектин Горький сейил багында ачкачылык акциясына чыккан үч активисттин катарына 21-октябрда дагы төрт адам кошулду.

Электр энергиясына бааны көтөрбөөнү, үч фазалуу абоненттерди кыркууну токтотууну жана аны калыбына келтирүүнү, энергетикадагы Ширшовдун коррупциялык схемаларын толугу менен жоюуну, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевди жоопко тартууну талап кылган ачкачылык 17-октябрда башталган. Акцияга алгач “Жаңы муун” жаштар кыймылынын өкүлдөрү Мелис Аспеков, Качкын Булатов жана Төрөхан Жунусбеков чыккан. Нааразылыкка кошулган төрт киши аларды колдоо максатында келгенин билдиришүүдө. Бул тууралуу “Жаңы муун” кыймылынан маалымдашты.

Акция Горький сейил багында ачык асман алдында уланууда. Ачкачылык кармагандар түнкүсүн ошол жерде унааларында уктап жатышат. Боз үй тигүүгө уруксат берилген эмес. Азырынча алар коюп жаткан талаптарга бийлик тараптан жооп боло элек. (SE)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG