Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Кумтөрдөгү акциялардын камакка алынышы боюнча Канада сотуна доо арыз жолдонду


Бул тууралуу “Кыргызалтын” ишканасынын президенти Токон Мамытов “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтымында, буга чейин КМШнын Минскте жайгашкан Экономикалык соту Куттуу-Сай кени боюнча Москва Соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраждын чечимин мыйзамсыз деп тапкан. Мамытов билдиргендей, кыргыз тарап Москвадагы Арбитраждын чечиминин үстүнөн Минсктеги КМШнын Экономикалык сотуна доо арыз жолдогон болчу. Натыйжада, аталган сот Москва Арбитражынын мындай иштерди кароого укугу жок экенин билдирип, анын чечимин мыйзамсыз деп тапкан:

- Экономикалык сот Москвадагы Арбитраждын бул арызды караганга укугу жок деп, чечим чыгарып берди. Экинчиден, Stans Energy канадалык сотко кайрылганда бизге кабарлап койгон эмес. Ал сотко болсо биз катышкан жокпуз. Үчүнчүдөн, “Кыргызалтындын” Stans Energy менен байланышы, доосу жок болчу. Биз ал компания менен байланышкан эмеспиз, эмне себептен биздин акцияга кол салат деген доо арыз менен канадалык сотко кайрылдык. Алар арызды кабыл алды. Жакында алар сот отуруму качан болоору тууралуу жооп берет, - деди Мамытов.

Мамытов мындай жол менен Канада соту камакка алган “Кыргызалтындын” акцияларын чыгарууга мүмкүн болот деген ишенимде.

Куттуу-Сай кени боюнча Stans Energу компаниясынын арызын караган Москва Соода-экономикалык палатасынын алдындагы Арбитраж кыргыз өкмөтүн 118 млн. долларга доого жыккан чечим чыгарган. Ал чечимдин негизинде өткөн аптада Канаданын Онтарио соту Кумтөр долбоору боюнча Кыргызстандын 60 пайыздык акциясын камакка алган болчу. 20-октябрда президент Алмазбек Атамбаев бул боюнча өз пикирин билдирип, аны Кыргызстанды кысмакка алуу деп атап, өлкө бийлиги чечкиндүү кадамдарга бара турганын кошумчалаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG