Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:50

Жарандык активисттер конституцияны өзгөртүүгө каршы


Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңеш мүчөлөрү президенттин сот реформасын жакшыртуу максатында Конституцияны өзгөртүү сунушуна тынчсыздануусун билдирди.

Алар сот реформасынын жакшы жүрбөй жатышына тармактын ишине бийликтин аралашуусу себеп экенин белгилешкен. Кеңеш мүчөлөрү 2010-жылы өзгөртүлгөн Башмыйзам элге жакшы жашоого үмүт бергенин, 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөө чечими кабыл алынганын да эске салышкан.

Конституцияны өзгөртүү демилгесин сентябрь айында парламентте Феликс Кулов көтөрүп, мамлекеттин атын өзгөртүүнү сунуштаган эле. Андан кийин депутат Карганбек Самаков 2020-жылга чейин Конституцияны өзгөртпөө боюнча чекти алып салууну айтып чыккан. Өткөн жума соңунда президент Алмазбек Атамбаев сот системасынын реформасы үчүн конституциялык өзгөртүүгө барууну жактаган. (SE)

XS
SM
MD
LG