Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Жөө күлүк Писториус беш жылга эркинен ажыратылды


Претория соту бүгүн Түштүк Африканын айтылуу жөө күлүгү Оскар Писториусту беш жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Сот ушуну менен жети айдан бери созулуп жаткан соттук жараянга чекит койду.

Өткөн айда сот андан атайылап адам өлтүрүү беренесин алып салган. Анда судья Токозиле Масипанын белгилешинче, Писториус окуянын натыйжасын ойлонбостон аракет кылган деп айткан. Ал эми тергөө спортчу өзүнүн курбу кызын атайылап өлтүргөн деп белгилеген болчу.

Писториус өзүнө тагылган айыпты моюнуна алган эмес. Ал үйүнө ууру кирди деп эсептеп, курбу кызын билбестен атып алганын айтууда. Жөө күлүк 14-февралда өлкө баш калаасы Преториядагы өз үйүндө сүйлөшкөн кызы, 30 жаштагы модел Рева Стенкампты атып салган деп шектелүүдө.

Эки бутунун тизесинен ылдый жагы ампутацияланган 26 жаштагы Писториус өз өлкөсүндө “тирүү легендага” айланган эле. Ал майыптыгына карабай, кесилген буттарын тизесинен ылдый улаган жабдуунун жардамы менен чуркап, кадимки Олимпиадага катышкан. Жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатында байге алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG