Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:31

Еврокеңеш Украина-Орусия ортосундагы газ маселесин талкуулайт


Бүгүн Орусиянын жана Украинанын энергетика министрлери Александр Новак жана Юрий Продан, Европа Кеңешинин энергетика боюнча өкүлү Гюнтер Эттинген Брюсселде чогулушту. Алар газ маселесин талкуулашат.

Украина жана Орусиянын президенттери Вламир Путин жана Петро Порошенко өткөн апта соңунда Миландагы саммите жолугуп, газ маселесин талкуулашкан. Анда Порошенко эки тараптуу сүйлөшүүдө жылыш бар экенин билдирип, анын баасы Брюсселдеги сүйлөшүүдө бычыларын айткан болчу.

Орусия Украинанын миллиарддаган карызын төлөөнү талап кылып, жайдан тарта бул өлкөгө газ берүүнү токтоткон. Порошенконун белгилешинче, газдын баштапкы баасы март айына чейин миң куб метрине 385 деп бааланган. Бул Орусия башында талап кылган баадан 100 долларга арзан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG