Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:58

Сахаров сыйлыгы конголук дарыгерге берилди


Европарламенттин Сахаров сыйлыгы 21-октябрда конголук гинеколог-дарыгер Денис Муквегеге тапшырылды. Муквегенин ооруканасы бир жылда Конго Демократиялуу Республикасында зордуктоого туш болгон жүздөгөн кыздарды кабыл алган. Европарламент анын аялдардын укугун коргоо жаатында жасаган ишин жогору баалап, талапкерлигин бир добуштан колдоду.

Муквегеден сырткары “Евромайдан” украиналык кыймылы, азербайжандык укук коргоочу Лейла Юнус сыйлыкка талапкер болушкан.

Сахаров атындагы “Эркин ой жүгүртүү үчүн” сыйлыгы Европа парламенти тарабынан жыл сайын ыйгарылат. Адам укуктары жана сөз эркиндиги үчүн күрөшкөн жеңүүчүгө 50 миң евро берилет. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG