Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:49

Орусиялык компания Кыргызстандан жаңгак сатып алууга даяр


Батыш өлкөлөрү киргизип жаткан санкцияларга байланыштуу орусиялык “Алеон” компаниясы Кыргызстандан жаңгак, кургатылган жер-жемиштерди, жемиш-жашылчаларды сатып алуу ниетин билдирди.

Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматынын кабарлашынча, ушул күндөрү Орусия менен бул жаатта кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Орусия мурда Грекиядан жаңгак сатып алып турса, эми санкцияларга байланыштуу КМШ өлкөлөрү менен кызматташууну ойлонуштуруп жатат. “Алеон” компаниясынын жетекчиси И.Бакаренов Сокулук, Жайыл, Аламүдүн жана Москва райондорунун дыйкандары менен жолугушту. (ZMa)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG