Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:32

“Газпром” Кыргызстанга спорттук комплекстерди куруп берет


Кыргызстандагы облус жана район борборлоруна Орусиянын “Газпром” ишканасы спорттук комплекстерди куруп берет. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев эл аралык мелдештерде байгеге ээ болгон спортчулар менен бүгүн жолуккан учурда билдирди.

Спорттун бир нече түрлөрү менен машыгууга ылайыкташкан спорт мекемелерин куруу жакынкы аралыкта башталып, 3-4 жылда бүтөт. Мамлекет башчынын айтымында, бул жаатта «Газпром» өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүргөн.

Бүгүн эл аралык спорт оюндарында байгеге ээ болгон спортчуларды жана машыктыруучуларды кабыл алган Алмазбек Атамбаев аларга ээлеген орундарына жараша 50 миң сомдон 750 миң сомго чейин акчалай сыйлыктардын сертификаттарын тапшырды. Каражат өкмөт тарабынан бөлүнгөн. (EСh)

XS
SM
MD
LG